Бүгүн, 6-ноябрда Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Белгилей кетсек, Масалиев шайлоого катышуу ниетин билдирген бешинчи жаран. Буга чейин БШКга Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кыдыров арыз тапшырды.
66 жаштагы Масалиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.
Президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз менен кайрылуу 13-ноябрга чейин уланат.