Казакстанда күйүүчү май, дизель майын жана мунайзаттын айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого киргизилген тыюу дагы алты айга узартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов кол койгон буйрукка ылайык, чектөө 2026-жылдын 22-ноябрынан 2027-жылдын 22-майына чейин күчүндө болот.
Тыюуда төмөнкү учурлар өзгөчө каралган:
Мындан тышкары, айрым мунайзаттарды темир жол аркылуу экспорттоого да чектөө киргизилди.
Ошондой эле 2027-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин жеңил дистилляттарды, авиациялык керосинди, дизель майын жана мунай битумун Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары чыгарууга тыюу салынат.