Таласта беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында Toyota Camry унаасынын айдоочусу жол тескөөчүлөрүнүн кызматтык унаасынан качып бара жатып кырсыктаганын жергиликтүү тургундар билдиришүүдө.
Бул арада ЖКККББнын басма сөз кызматы айдоочуга карата мурда кабыл алынган чаралардын мыйзамдуулугу жана кызматкерлердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.
Эске сала кетсек, жол кырсыгы 5-ноябрда Талас районундагы Жерге-Тал – Калба унаа жолунда катталып, төрт унаа кагылышкан.