Дүйнөнүн эң семиз адамы каза тапты

2007-жылдан бери дүйнөнүн эң семиз адамы деп эсептелип келе жаткан мексикалык Мануэль Урибе 26-майда 48 жашында каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мануэль 2-майда жүрөк оорусу кармап, Монтеррей шаарындагы ооруканалардын бирине жүк көтүрүүчү кран менен жеткирилген. Ал жактан анын боору да ооруй тургандыгы аныкталган. 

Белгилей кетсек, 2001-жылы Мануэль Урибенин салмагы 597 килограммды түзүп, төшөктөн тура албай калган. 2008-жылы дарыгерлердин жардамы жана диета кармоо менен салмагын 360 килограммга түшүргөн. Каза болордун алдында анын салмагы 394 килограммды түзгөн. Анын артында жубайы Клаудия гана калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AKYBALA
2014-05-27 09:47:10
597 кг атанкоруу жаткан жерин жайлуу болсун Мара
+9
aza.kg007
2014-05-27 21:30:59
тообо менден 10 эсе оор экен жаткан жери жайлуу болсун
+2
Aikoo2014
2014-05-28 21:28:20
Жаткан жайы жайлуу болсун. Тообо кылдыым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан