Ош. Ак-Буура дарыясынын жанында иштеген ишканага эскертүү берилгенине карабай аймактагы таштандылар тазаланбаганы айтылууда

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан «Асай» ЖЧКсына таштандыларды керектүү жайга таштабагандыгына байланыштуу эскертүү берилип келет. Мындай билдирүүнү бүгүн, 4-июлда «Сулайман-Тоо-Ак-Буура» муниципалдык мекемесинен Мамат Бектемиров билдирди.

Анын айтымында, «Асай» ЖЧКсынын короосунда көптөн бери алынбай, экологиялык жана санитардык коркунуч жараткан көп өлчөмдөгү таштанды бар экени аныкталды. Ошондой эле аталган ишкананын жетекчиси Пазыл Сатыкеев ушул күнгө чейин берилген эскертүүлөрдү аткарбай келет.

Фирмага эскертме кагаздар мындан эки ай мурун берилген, ага карабастан, ишкана ушул күнгө чейин айланага жана Ак-Буура дарыясына таштандыларды төгүп, тазалабай келет. Таштандынын суулары дарыяга агып түшүп, суу булганат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kara_kyrgyz
2014-07-04 15:49:07
суу боюндагы зона отдыхтарды да текшериш керек! мусор жок! кайда ташташат? сууга албетте!
0
mir89kg
2014-07-05 00:06:28
Ак-Бууранын суусу туздон-туз Озбекистанга отуп кетет. Ошону да эске алып кошна Озбекистанга "тазараак суу откоруп бергиле", алар бизге газды кыйратып берип жатат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан