Ырчы Бегимай Бекбоева азыркы тапта режиссёрлук менен алектенип жаткан кези. Бүгүн, 4-июлда SUPER.KG порталына ырчы тасмалар орусиялык телеканалда балдарга арналып көрсөтүлүп келген “Ералаш” журналы сыяктуу экенин билдирди.
"Менин фантазиям абдан күчтүү болгондуктан, тасмага режиссёр болуп жатам. Атам Токтор Бекбоев болсо оператор жана монтажёр. Ал эми анда роль жаратышкан эки бала менин инилерим болот. Балдар менен иштешүү абдан жеңил экен, аларга кантип ойношту көрсөтүп берсем эле ошону аткарып берип жатышты”,- деди Бегимай Бекбоева.