Бүгүн Бишкекте “We’ll be” бий тобунун концерти өтүүдө

Бүгүн, 4-июлда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “We’ll be” бий тобунун концерти өтүүдө. Саат 18:30га белгиленген концерт туптуура 18:40та көшөгөсүн ачты. Кыргызстанга атагы чыккан бий тобунун концертинде алып баруучулук милдетти Кубат Кубанычбеков аркалап жатат. Учурда аталган бий тобу кайталангыс бийлери менен келген көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүүдө.

Белгилей кетсек, бул концерт 5-10-августта АКШда өтө турган бий боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышууга каражат топтоо үчүн өткөрүлүп жатат. Биринчиликке 45 өлкөдөн эки жарым миң бийчи катышат. Бул үчүн аларга 25 миң АКШ доллары талап кылынууда.

“We’ll be” тобунун марафон-концерти өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан