“We’ll be” бий тобу: "Бул концертибиз дүйнөлүк биринчиликке шилтеген кадамдардын бири" (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-июлда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “We’ll be” бий тобу концерт берди. Көрүүчүлөр залдын 95 пайызын ээледи. Биринчи жолу жеке концертин тартуулап жаткан аталган бий тобу кайталангыс бийлери менен келген көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Эл концерт бүткүчө дүркүрөтө кол чаап, кыйкырып, сүрөп, колдоп отурду. Бий өнөрпоздору хореографиялык чеберчилигин, бийлөө техникасынын мыктылыгын көрсөтүп беришти. Ошондой эле бул концертке “Style Mixтриосу, “Ак марал” бий тобу жана башкалар келишип, өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары жигиттердин концертине режиссёр Эрнест Абдыжапаров, ырчы Сайра Момунбаева, алып баруучу Чыңгыз Мырзаев, ырчы Самат Дөөлөтбаков келип, күбө болуп кайтышты.

“Манас атабыздын насааты бар. Ал "кылыч менен дүйнө жүзүн эч качан багындыра албайсың" деген. Ал эми өнөр, Чыңгыз Айтматовдой калем, ыр, бий, чыгармачылык менен дүйнөнү багындырса болоруна бүгүнкү күндө күбө болуп келатабыз. Кыргыздын бий тобунун дүйнөлүк аренага чыгууга белсенип жатканы эле биз үчүн сыймык. Ошондуктан бул жигиттерди колдоп, батамды берейин деп концертине келдим. Булар жеңишке уникалдуулугу менен жетишет деп ойлойм. Белгилей кетсем, алардын жүзүндө, бийлөө техникасында өзгөчө касиет бар”,- дейт режиссёр Эрнест Абдыжапаров.

“Концерт абдан сонун болду. Булардын ийгилигине күбө болуп, толкунданып жатам. Мен ушул жигиттердин талантына таазим кылам. Алар Кыргызстандын желегин желбиретип келишсе экен деп тилейм”,- дейт Сайра Момунбаева.

“Азыр бизди Америкага барып, 1-орунду камсыздап келгендей сезимдер курчап турат. Бүгүнкү өткөргөн концертибиз дүйнөлүк биринчиликке шилтеген кадамдарыбыздын бири. Биринчиликке бир ай бар, андыктан бир ай бою даярдык көрөбүз. Башкы максат - өлкөбүздүн байрагын оболотуп, мекендин намысын коргоп кайтуу”,- деп белгилешет “We’ll be” бий тобунун жигиттери.

Белгилей кетсек, бул марафон-концерт 5-10-августта АКШда өтө турган бий боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышууга каражат топтоо үчүн өткөрүлдү. Биринчиликке 45 өлкөдөн эки жарым миң бийчи катышат

“We’ll be” тобунун марафон-концерти өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tinatin_21
2014-07-05 00:20:22
Молодцы!!!!!
0
gbrshik
2014-07-05 12:10:31
Азаматсынар балдар ! Айтканынар келип, биринчиликти алып келгиле
0
Мэри
2014-07-07 21:06:54
Мынчалык көп сүрөттүн кереги барбы? Бий өнөрүн, анын кыймылын, менимче, жандуу көрүш керек да, андан көрө видеорепортаж жасаса сонун болмок. А мындан билинбейт деле экен, жөн эле ары-бери "кыйшайган" сүрөттөр, кечирип койгула, бирок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан