Бүгүн, 5-июлда Бишкектеги Кыргыз-Япон өнүктүрүү борборунда япон маданиятын көрсөткөн Танабата фестивалы өтөт.
Танабата - япон салтындагы өзүнүн романтикасы жана кылымдык тарыхы менен суктандырган сүйүүнүн жана үмүттүн майрамы. Фестиваль чыгыш мамлекеттеринин мыкты салтына ылайык өткөрүлөт. Катышуучуларга Токуучу менен Малчынын асмандагы дарыянын суусу менен бөлүнүп калган сүйүүсүн баяндаган уламыш көрсөтүлөт.
Бул күнү бамбуктун бутагынан ар кандай кооздуктарды жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле Танабата күнүнө арналган салттуу ырым-жырымына ылайык, коноктор тандзаку аттуу ар түстүү кагаздарга жазылган каалоо-тилектерин бамбуктун бутактарына илишет.