Бишкектеги Улуттук китепканада австриялык композитор Кристоф Глюктун 300 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда аталган китепканадан билдиришти.
Көргөзмөгө композитордун чыгармачылыгын жана жашоосун баяндаган китептер, нотасы менен жазылган басылмалар, грампластинкалар коюлду.
Белгилей кетсек, Кристоф Глюк 1714-жылы 2-июлда Баварияда туулган. 1732-жылы Прагадагы университетке тапшырган. Ал белгилүү композиторлор Богуслав Черногорский жана Жованни Баттиста Саммартиниден сабак алган. 1741-жылы Миланда “Артаксеркс” аттуу биринчи операсын ийгиликтүү койгон. Мындан улам Италияга белгилүү болгон. Анын чыгармалары көбүнчө жарандык, баатырдык жана адеп-ахлак тууралуу.