Бүгүн, 7-июлда “Супер-Инфо” гезитинин редакциясына куудул Жамбыл Камчиев баштаган артисттер Ийгилик Курулушов, Муратбек Абралиев, Руслан Бусурманов, Калык Сатынгулов кыргыз элинин каада-салтын улай жарамазан айтып келишти. Кыргыздын улуттук кийимдерин кийишкен ак калпактуу артисттер аса таяк, аккордеон, комуз, гитара өңдүү аспаптардын коштоосунда ыйык Рамазан айынын келгенин жар салып, адыр-адыр тоолордон ашып эң биринчи эле биздин редакция келишкенин айтышты.
Коноктор жакшылык, тынчтык каалап, жаңыртып обон созушту, алакан жайып бата беришти. Биз өз кезегибизде аларга белек ыроолоп, жылуу узаттык.
“Былтыр да жарамазанды биринчи эле “Супер-Инфо” гезитине айтып келгенбиз. Быйыл бир гана жарамазан айтпастан, өзүбүздүн өнөрүбүздү тартуулап, диний-маданий иш-чарабыз менен Кыргызстандын 7 дубанын кыдырып чыгабыз. Муну менен катар элди орозо кармаганга чакырып жатабыз”,- дейт Жамбыл Камчиев.