Нарын шаарында “Эне мээрими” аталышындагы кайрымдуулук концерти өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 бала катышып, өнөрлөрүн тартуулашып, концерттик программа жагымдуу маанайда өткөн.
“Акыркы эки жылдан бери ушул сыяктуу кайрымдуулук концерттерин уюштуруп, андан чогулган каражатты балдардын керектөөсүнө жумшап келе жатабыз. Балдардын ден соолугуна байланыштуу тоолуу облустун башка райондорун кыдыра албай калдык. Буюрса, күзүндө Нарын облусу боюнча кайрымдуулук концертибиз уланат”,- дейт жалгыз бой энелердин “Эне эмгеги” уюмунун жетекчиси Индира Сыдыкова.