"Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Супер дебют-2013" наамынын ээси, ырчы Жоодарбешим Ысык-Көл облусун кыдырып, чыгармачылыгын тартуулоого камданып жатат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 8-июлда кабарлады.
“Жакында айылыма барып, сүт ичип ден соолугумду чыңдап алдым. Эми чыгармачылыкка билек түрө киришип, биринчи жолу Ысык-Көл облусундагы күйөрмандарыма жеке концертимди тартуулайм. Мени менен бирге жаңы чыгып келаткан ырчылар барышат. Бул концерт менен Кыргызстанды кыдырып чыгууну пландап жатам”,- дейт Жоодарбешим.