Ырчы Бек Исраилов "Элес" тобунун экс-солисти, таланттуу композитор жана ырчы Нурлан Мамбетов менен дуэт ырдап чыгат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 8-июлда билдирди.
“Мен учурда үй салып жатканыма байланыштуу чыгармачылыкта тыныгуу болуп калды. Аны бүтүрүп алсам эле баары ордуна келчүдөй болуп жатат. Негизи эле атактуу ырчы менен ыр жаздырсам деп ойлонуп жүргөм. Жакында Нурлан Мамбетов агайыбыздан дуэт жаздыруу боюнча сунуш түштү. Ал кишинин ырлары көп эмеспи, ошолордун бирин аткарып чыгабыз”,- дейт Бек.