Назира Токонова жана Элмирбек Иманалиев Казакстандын президентинин туулган күнүндө ырдашты

Кыргыз эстрада ырчысы Назира Токонова жана төкмө акын Элмирбек Иманалиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө карата Алматы шаарында уюштурулган иш-чарага катышып, ырдап кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Назира Токонова SUPER.KG порталына билдирди.

Белгилүү болгондой, иш-чара президенттин резиденциясында өткөрүлүп, Элмирбек Иманалиев комузу менен ырдап саламдашса, Назира Токонова кыргыздын элдик ырларын аткарган. Ошондой эле бул фестивалга орусиялык белгилүү ырчылар Григорий Лепс, Михаил Боярский жана башкалар катышкан.  

“2 күнгө созулган концерт мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Бизди абдан жакшы кабыл алышты. Бардык ырчылар туруп алып ырдашыптыр, мени болсо президент өзү “чарчап каласың” деп, отургузуп ырдатты. Алар биздин “Жылкычынын ыры” чыгармасын жакшы көрүшөт экен, ошол ырды сурап жатышты”,- дейт Назира Токонова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Baky1987
2014-07-09 15:03:48
Азаматсынар.Ийгилик дагы.
0
GUMU
2014-07-09 15:28:04
экоо сонун пара болуп калат экен ))))
0
Bella-life
2014-07-09 16:20:47
жубайлардай болуп калыптыр ^_^
+1
nargiz_96
2014-07-09 16:39:29
Мени чакырбадыго туулган кунго
0
Dadasdasd
2014-07-09 16:46:02
Кыйын акыныбызды чакырганына ыраазымын. Анан эстеликке деп бир суротко тушушту да мынча эле корогоч болдунар.
0
Eliza83
2014-07-09 20:26:20
Ушу Назарбаев кыргыз ырларын,дегеле музыкасын баалаган киши окшойт...
0
kamarik
2014-07-09 20:26:57
Суйом го ушу ырчы кызыбызды
0
mi-li-na
2014-07-09 20:56:08
Элмирбек мырзаны Назарбаев ырчы катары жакшы корот экен деген кеп укканыбыз бар, ошол себептен да акыныбыз эч качан казактарга карата сын же ачуу соз айтпайт го деп ойлойм. Токонова да жакшы ырдайт, азаматтар!
+2
raimzhanov81
2014-07-10 01:59:52
азамат Элмике жарайсын.
0
admin_portal
2014-07-10 11:12:20
raimzhanov81 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактап, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
0
Мэри
2014-07-10 13:00:36
Эмнеге Назира Токонова, жакшы ырдайбы?
0
Oi_pikir
2014-07-10 17:44:19
Назиранын комузда ырдаганына эч ким жетпейт дешет, аябай жакшы ырдайт деп мактагандарды көп угам. Элдик ырлардан эл алдына деле ырдап чыгып койсо болчудай окшойт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан