Ырчы Кайрат Примбердиев "Досторго" аттуу ырына клип тартты. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 9-июлда билдирди.
Белгилүү болгондой, бул клип жакын сахналаш достору Замир Арыкбаев, Курал Чокоев, Ирлан Таалайбеков, Ильяз Андаш жана башка чыгармачыл жигиттер менен “Ала-Арча” сейил багында эс салып жүргөндө тартылган. Клиптин сценарийи Кайрат Примбердиев менен келинчеги Элмирага таандык болсо, операторлук кызматты Марлис Мырзакул уулу аркалаган.
“Клип тартып жатканда жамгыр төгүп, жука кийинип келишкен досторум үшүп калышты. Ал жакта жаратылыш кубулуп турат эмеспи, бир саамга күтүп отуруп, ойноп-күлүп жүрүп 1 күндө эле тартып койдук. Бул клипти тартуу менен достукту чыңдоону көздөгөм”,- дейт ырчы.