30-июлда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде “Кийиз+FILZ” Эл аралык көргөзмөсү ачылат.
Аталган музейден билдиргендей, көргөзмөгө германиялык "Wollknoll" кийиз мектебинин доценттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн, Германия, Голландия, Люксембург, Кыргызстандын салттык чеберлеринин жана заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.
Өзүнүн уникалдуулугу менен кийиз бүткүл дүйнөлүк заманбап чеберлердин жана сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгында сүйүктүү материал болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, көргөзмөгө Кыргызстан менен Германиянын чеберлери Чолпон Дэмут-Осмоналиева, Андреа Бауманн, Инге Бауер, Сузанне Марквадинг, Регина Матмүлер-Майер, Карин Мертес, Лида Румп Андреа Ульманн, Моника Фияла, Зигрид Шварценбергер, Эркебү Жумагулова, Нурзат Жээнбек кызы, Анара Искакова, Алексей Лысогоров, Валерий Руппель жана башкалар катышышат.