Бишкекте залкар акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына арналган китеп көргөзмөcү ачылды

Бүгүн, 10-июлда Бишкекте акын-импоровизатор Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына арналган «Гүлзар бактын булбулу» аттуу китеп көргөзмөсү ачылды.

Аталган китепканадан билдиргендей, көргөзмөгө акындын китептери, ал тууралуу эскерүүлөр, изилдөөлөр, гезиттик жана журнал материалдары коюлду.

Акын-импровизатор Барпы Алыкулов Ош облусунун Сузак районуна караштуу Ачы айылында 1884-жылдын 30-сентябрында туулган. 

Барпынын чыгармачылык ишинин башталышы эки кылым тогошкон мезгилге туш келет. Акын Октябрь төңкөрүшүнө чейинки чыгармаларында элдин караңгылыкка кептелип, оор күндөргө туш болгонун, өзүнө окшогон жарды-жалчылардын күнүмдүк кунарсыз тирилигин ырдаган.

Ошондой эле акындын махабат темасындагы "Гүл кыздар", "Мырзайым", “Мөлмөлүм”, "Лөлүкан", "Буракжан", "Гүзал кыз", "Кара көз", "Ак дилбар", "Тартип", "Дилбарым", “Ак жылдыз”, "Өзгөчөм", "Алтын" сыяктуу ырларын билебиз. Булар кыргыз акындар поэзиясындагы сүйүү лирикасынын жалпыга маалым классикалык үлгүлөрүнөн болуп калды. Ал 1949-жылы дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
insap
2014-07-10 19:36:40
Kozv otkon zalkarlardy unutpoogo mildettvbvz.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан