Белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Кенже Дүйшеевалар жаңы таланттардын өнөрүнө күбө болушту (фоторепортаж)

10-июлда Бишкекте продюсер Канат Култаевдин “Шоу-бизнес мектеби” аттуу долбоорунун бүтүрүүчүлөрү катышкан салтанаттуу кече уюштурулду. Анда аталган мектепте 3 ай билим алышкан 20 улан-кыз таланттарын тартуулады. Ыр, бий коштолгон кечеге кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Кенже Дүйшеева, Даниель, дизайнер Замира Молдошева, продюсер Каниет Жыргалбеков жана жаш өнөрпоздордун ата-энелери күбө болушту. Шоу чөйрөгө жаңыдан кадам шилтей турган жаштар вокалдык, бий жана актёрлук чеберчилигин көрсөтүштү. Ал эми алып баруучулук тизгинди Санжар Мыкыев башкарды. 

“Бул мектепте билим алгандардын арасында чыныгы таланттуу бир-эки бала бар. Алардын келечеги кең болгондуктан, элге таанылган ырчы болоруна ишенем. Алар кыргыз шоу чөйрөсүнө жаңылык алып келет деп ойлойм”,- дейт Канат Култаев.

“Мен ырчы өзүн сахнада кандай алып жүрүү керектигин үйрөнөйүн деп бул мектепте окудум. Ал эми вокалдык жактан билимим бар. Келечекте пландар көп. Эстрадага баш-отум менен киришейин деп жатам. Жаңы ыр жаздырып, клип тарттырам. Эң башкысы, жандуу үн менен ырдап, элге жагымдуу маанай тартуулагым келет”,- дейт келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш ырчы Темирлан Мукашев.

Келечектеги сахна жылдыздары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elkat
2014-07-11 03:14:59
Вобще шик вечер болуптур.Канат култаев слов нет.Супер и грамотный продюсер у нас Канат Култаев и Каниет Жыргалбеков.Но канат полюбому номер один.Жакшы ырчыны чыгаргыла красавчик продюсерлер.
0
Zhozho
2014-07-11 17:32:23
Канышай молодец,таланттын оркундой берсин!!!
0
Lamazhlug
2014-07-11 17:50:15
Менимче пайдасыз эле акча сарптоо болгон.Ушул проекттен эми козго коруноорлук бир нерсе чыгышына козум жетпейт. Кыздар чачын жасап, бетин боеп алып эле сахнада ары-бери басканы болбосо азыркы ырчылардын 80пайызынын уну да жок, ырларынын мааниси да жок.Клиптери да оригиналдуу эмес бирин-бири туурамай. Кыскасы эч кандай жанылык, эч кандай жаны идея жок.
0
Tynchy28
2014-07-11 20:08:59
молдошева не журот дейм да...ал стилистка го. Тамашоуда деле журот. Баары аралашып кеткен го я. Кашашоу болуп.
0
Aselim
2014-07-12 08:14:45
Чындыгында кечээ ото кызыктуу болду. Озгочо ундун ээси Нурзада Саипова ырдаганда залды жарды го чиркин!!! Ушул мектептин сынагында 1 орунду бекеринен женип албаганын даназалап салды, ийгилик сага, онорун оркундой берсин Нурзада
0
were
2014-07-12 12:44:15
Акча табууну дагы бир жолу да ээ? Гулнур эже аргайсы жерге кыпчылып эле журот. Чын эле каша шоу болуп калыптыр!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан