КРнын Эмгек сиңирген артисти
Асел Турдалиева кызы Бегимай менен "Эне-кыздын тилеги" аттуу ырына клип тартат. Бул тууралуу Асел айым
SUPER.KG порталына бүгүн, 11-июлда билдирди.
"Кызым 11-класска көчтү. Кийинки жылы мектепти бүтүп, чоңоюп кетет. Андыктан клип тарттырганы Казакстанга жөнөп жатабыз. Азыр эмгек өргүүдөмүн. Күзүндө концерт берем да, ошого чейин жан талашып ыр жаздырып, клип тарттырып алайын деп жүрөм",- дейт Асел Турдалиева.
Мындан тышкары Асел Турдалиева ырчы Алихан менен биргеликте ыр жаздырып, клип тартышканын кошумчалады.