Бүгүн, 11-июлда Бишкектеги соода борборлорунун биринде Бүткүл дүйнөлүк калкты жайгаштыруу күнү белгиленип, ага карата уюштурулган концертке ырчы Нурбек Савитахунов катышып, гитара менен обон созду. Ошондой эле келген көрүүчүлөр арасында ыр-бий сынактары уюштурулуп, белектер таратылды.
Иш-чаранын максаты жалпы өнүктүрүү программасы аркылуу калкты жайгаштыруу маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.