Кыргызстандык гимнасттар Испанияда өткөрүлгөн “Латино Фиори” аталышындагы эл аралык мелдешке катышып, 3 алтын жана 5 коло медаль өңөрүп кайтышты. Бул тууралуу КРнын Көркөм гимнастика федерациясынын машыктыруучусу Сабина Аккулакова бүгүн, 14-июлда маалымат жыйынында билдирди.
Белгилүү болгондой, бул таймашта Орусия, Испания, Израиль, Хорватия жана башка 10го жакын мамлекеттен 300 спортчу ат салышкан. Ал эми Кыргызстандан 6 жаштан 17 жашка чейинки 11 гимнаст катышкан.
Кошумчалай кетсек, мелдеш 23-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн.
“Кенже курактагы гимнасттар бул мелдешке биринчи жолу катышышты, алардын барып-келүүсүн ата-энелер каржылашты. Ал эми чоң топтогу спортчулар мындай мелдештерге бат-баттан катышып турушат. Аларды биздин федерация алып барды”,- дейт Сабина Аккулакова.