Орусиянын Ростов-на-Дону шаардык Кыргызстан-Дон кыргыз улуттук маданиятынын автономиясы кыргыздардын балдарын Старочеркаск шаарына Дон аймагын, анын маданияты менен тааныштырууга алып барды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда "Замандаш" ассоциациясынан билдиришти.
“Дон аймагынын маданияты менен мигранттардын балдарын тааныштыруу” программасынын алкагында уюшулган иш-чара мигрант балдарын орус маданияты жана тарыхы менен тааныштырууга багытталган.