Ысык-Көл облусунда 25-июлда Жети-Өгүз районунун Манжылы-Ата капчыгайында Сууга сыйынуу, 26-июлда Чырак айылында Сарымсак фестивалдары өткөрүлөт.
Ал эми 2-августта “Кызыл өрүк” аттуу фестиваль уюштурулат. Бул фестивалдын алкагында кыям жасоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, иш-чара маалымат жана тажрыйба бөлүшүү максатында өткөрүлөт. Иш-чараны Борбордук Азиядагы тоолуу аймактардагы коомчулук ассоциациясы уюштурууда.