Бишкекте “Манас” эпосу бириктирилген вариантта чыгарылат

Бишкекте 1958-1959-1960-жылдары басылып чыгарылган “Манас” эпосу бириктирилген вариантта кайрадан жарык көрмөкчү. Бул тууралуу 14-июлда КРнын Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бул маселе боюнча 2012-жылдын 17-февралында окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин, академиктердин, окурмандардын, баш-аягы 61 адамдын атынан кайрылуу жасалган.

“Манас” эпосунун бириктирилген вариантын кайра чыгаруу боюнча бир топ жазуучулар, окумуштуулар акылдашып, көптөгөн ой-пикирлер ортого салынган. Алар да бул китепти сейрек библиографиялык эмгек катары кайра чыгарууну туура көрүшкөн.

“Манас” эпосунун бириктирилген вариантынын редколлегиялык кеңешин академиктер А.Эркебаев, А.Акматалиев, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси К.Токтоналиев, окумуштуу О.Сооронов, сынчы, адабиятчы К.Даутов жана башкалар түзөт.

Жаңы вариант ошол эле түстө, эч кандай алымча-кошумчасы жок басылып чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-07-15 12:22:58
Сонун экен, жакшы кабар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан