Ырчы KG Эльмурат: "Орусиядагы мекендештерибизге тасма менен концерт тартуулап жатабыз"

Ырчы KG Эльмурат Орусияда бир айдан бери концерт берип жүрөт. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 15-июлда билдирди.

“Биздин Тыва, Хакасия жана Түштүк Сахалинде концерт берип жүргөнүбүзгө бир ай болуп калды. Бул иш-чарада концерт жана кино тартууланып жатат. Тагыраак айтсам, режиссёр жана актёр Сапар Сайназаровдун тасмасын көрсөтүп жатабыз. Биз менен бирге ырчы Айпери Сыдыкова да барып, өнөрүн тартуулаган. Учурда ал Кыргызстанда. 

Азыр болсо биз менен Уларчик аттуу ырчы бала бар. Кошумчалай кетсем, концерттик программа 3 саатка созулууда. Мекендештерибиз бизди жылуу кабыл алып жатышат. Акыркы концертти Татарстан мамлекетинде коюп, мекенибизге сапар алабыз”,- дейт KG Эльмурат.  

KG Эльмурат Орусияда концерт берип жүрөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
burka
2014-07-15 11:51:00
молодцы ребята!!
0
burka
2014-07-15 11:52:21
зал толгонго ээ
0
aibek0001
2014-07-15 11:56:26
новосибиркке да келише жакшы болмок.
0
Maisara
2014-07-16 05:42:56
Москвага качан келет экен ???? Келсе кайсыл жерде болгонун маалымат бериниздерчи
0
Manasemetei
2014-07-17 04:08:36
Sahalinge murun kelip tur4u yr4ylar azyr e4 kimisi kelbei kaldy.Bek ake kelse jakwy bolmok
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан