9-августта Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Таанышып алгыла: Орусиянын түндүгүндөгү көчмөндөр -бугу баккандар, мергенчилер жана балык уулоочулар” аттуу фотокөргөзмө ачылат.
Уюштуруучулар билдиргендей, көргөзмө орусиялык этнограф, бугу багуучуларды изилдөөчү Валериана Козьминанын жаркын элесине арналган.
Көргөзмөгө Түндүк Орусиянын жашоочуларынын күнүмдүк турмушун чагылдырган 80 уникалдуу фото коюлат.
Уюштуруучулар: Кыргызстандагы орус кызматташтыгы, “Гармония” орус маданият борбору, КРнын Мамлекеттик тарых музейи.