“We’ll be” бий тобу Америкадагы бий боюнча биринчиликтин жарым финалына өттү

6-августта АКШда старт алган бий боюнча биринчиликте кыргызстандык “We’ll be” бий тобу жарым финалга өттү. Бул сүйүнүчтүү кабарды аталган топтун бийчиси Эрмек Керимбаев интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыкты. 

Топтун бийчилери Дастан Тилек уулу, Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Рустам Мараткулов, Гүлчоро Сыдыков, Нишаналы Кубаталы уулу жана Кубанычбек Чилетиров 2-август күнү Москва шаарына, андан соң АКШга сапар тартышкан. 

Кошумчалай кетсек, бул сынакка катышуу үчүн 20 миң доллар каражат керектелип, 4-июлда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында марафон-концерт берген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aszyma
2014-08-07 20:03:33
Иншаллах! Аллахым озу колдоп Женишке жетишкиле. Ийгилик!!!
+8
Dooron
2014-08-07 21:10:27
Супер-Инфо эгер видеосу болсо жуктоп койсонуздар жакшы болмок. Рахмат!
+4
admin_portal
2014-08-08 10:35:46
Dooron, Саламатсызбы!
Таап, жүктөгөнгө аракет кылабыз.
0
Jamalym
2014-08-08 00:28:18
Ийгилик,жигиттер!
0
margun1990
2014-08-08 00:58:52
Азаматтар десе
0
dkanu
2014-08-08 02:47:20
Азаматтар! Ийгилик ийгилик жана ийгилик! Кудайым колдоп биринчиликти илип кетсенер деп тилейм. Жакшылап аракеттенгиле биринчиликке
0
rk.kazaliev
2014-08-08 05:50:57
Кыргыздар башка жактан оспосок да шоу дуйно жактан жакшы осуп жатабыз. алл хамду алла кудай колдосо утасынар
0
lazygirl
2014-08-08 07:31:15
МашаАллах! Аллахым колодсун).
0
Omurzak-17
2014-08-08 09:42:45
lazygirl мындай бийчилердин бийлегени шариатка туура келбейтго Ошондуктан кудай неге колдойт
-1
venchiko88
2014-08-08 12:02:13
урматтуу супер инфо. Мага айганыш деген кыздын махабат деген ыры абббдан керек болуп жатат, жуктоп койгулачы, сураныч. Досум менен мелдешип кеткем, мен ал ырды табышым керек. алдын ала рахат
0
Guli.K.E.
2014-08-08 17:04:12
Азаматсынар балдар)) Ийгилик! Жениш каалайм!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан