8-15-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, иш-чаранын алкагында Семёнов капчыгайынын Кырчын жайлоосунда 100 боз үй тигилген шаарча уюштурулат. Анда фестивалдын коноктору этникалык искусствого күбө болушат.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чарасы 10-сентябрда ачылат. Бул күнү келген коноктор улуттук тамак-аштан, суусундуктан даам сызышат. 11-сентябрда болсо фольклордук фестиваль өткөрүлөт.
12-13-сентябрда “Рух-Ордо” маданият комплексинде этникалык мода көргөзмөсү тартууланат.