КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2015-2017-жылдары Кыргызстан санариптик берүүгө өтөрүн белгилеп, буга байланыштуу жеке телеканалдарга жана радиоберүүлөргө укук берүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу 8-августта маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.
Айтымында, социалдык пакетке жергиликтүү жана чет элдик телеберүүлөр катышса болот.
“Социалдык пакетти Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурат. Мындай токтомго 23-июлда кол коюлду. Бул пакетке 15 канал киргизилет. Ал 3 жылда бир жолу тандалып алынып, өкмөт тарабынан бекитилет. Социалдык пакетке кирип, санариптик берүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн жыл сайын милдеттүү түрдө 32 миллион 415 миң сом төлөнүшү шарт. Эгерде телеканалдар Кыргызстандын бардык аймагын камтыса, алар 32 миллион сом төлөшөт. Бирок башында санариптик берүү чет жактагы райондорду гана камтыгандыктан, алар көрсөтүлгөн суммадан аз төлөшөт. Төлөм 2015-жылдан тартып кабыл алынат”,- дейт Айнура Темирбекова.