Бүгүн, 8-августта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Көчмөн лагерь искусствосу" аттуу долбоордун алкагында “Өткөндөн келечекке карай” аттуу көргөзмө ачылды.
Көргөзмөгө Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын окуучуларынын, ар түрдүү окуу жайлардын студенттеринин жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.
Бул долбоор 28-июлдан 3-августка чейин Жалал-Абаддын Сары-Челек көлүндө өткөрүлгөн. Аталган долбоорго катышкан ар кайсы мамлекеттин жаштары айлана-чөйрө, биология, жаратылыш, маданий мурастарды сактоо боюнча суроолордун үстүндө иш алып барышкан жана мурунку менен азыркы абалды салыштырып, жаратылыштын келечегине тийгизип жаткан таасирин анализдеп чыгышкан.
Бул көргөзмөнүн башкы максаты - кийинки муундун негизги ресурсу адам менен жаратылыштын ортосундагы гармония экендигин коомчулукка жеткирүү.
Иш-чара Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Швейцария жана Германия мамлекеттеринин жаштарынын катышуусунда өткөрүлдү.
"Көчмөн лагерь искусствосу" – руханий жана маданий мурастардын символу, маданияттын көп түрдүүлүгү жана искусствонун багыты. Бул биомаданий ар түрдүүлүк боюнча идеяларды ишке ашырганга шарт түзөт.