Кыргыздын ак калпагы саркеч үлгүдө тигилип чыгарылат

Кыргызстанда “Борбор азиялык ишкерлер клиникасы” жаңы баштаган ишкерлер үчүн 6 жумалык "Startup Bootcamp" долбоорун өткөргөн. Долбоордун максаты - жаңы идеяларды колдоо жана каражат жагынан көмөк көрсөтүү. Анын алкагында 5 мыкты делген идея тандалып алынган. Командалар 1,5 ай өзүлөрүнүн бизнес-пландарын жана чыгарчу продуктуларынын образын иштеп чыгышып, инвесторлорго тартуулашты. Бул тууралуу “Борбор азиялык ишкерлер клиникасы” уюмунун директору Чубак Бойконов бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, аталган долбоордо жеңип чыккан эмгектердин ичинде дизайнер Искендер Асаналиев катышкан “Туран” командасынын заманбап үлгүдө иштеп чыккан кыргыздын ак калпагы бар.

“Кыргыздын ак калпагы ак калпак бойдон калат. Бул иштелип чыккан баш кийим "Турана" деп аталат. Элдер "калпакты бузуп жатасыңар" деп жаман көрүп жатышпайбы. Тарыхка кайрылсак, калпактын үлгүсү бизге чейин да өзгөрүлүп келген. Муну менен дизайнерлер улуттук калпакты өзгөртүүнү максат кылган жок. Болгону жаштар кийгидей саркеч үлгүлөрдү иштеп чыгышты. Сунушталып жаткан калпактар 3 түргө бөлүнөт: 

1. Күнүмдүк, аны дайыма кийсе болот. 

2. Классикалык, кадимки оймолор түшүрүлгөн майрамдык баш кийим.

3. Спорттук. 

Белгилей кетсем, бул баш кийимдер эркектерге жана айымдарга арналып тигилет”,- дейт Чубак Бойконов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
mikinookat
2014-08-09 10:12:16
emi ozubuzdun ak kalpagabyzdyn ozunun chooon ordu bar jana ech kachan al jok bolup ketpeit/ a bul kalpaktar jashtar uchun jakshy ele eken degen oidomun
0
bossmos7
2014-08-09 11:00:25
Акча учун улуттун жузун кетирбейли!
+3
gul75nur
2014-08-09 11:47:33
Бул улгусу ошон учун газетага окшоб турат
0
nasi81
2014-08-09 12:36:19
Ак монгулуу Ала тообузду чагылдырган кыргызымдын башынан эчен кылымдар тушпогон ак калпагыбызга тийишпегилечи. Ак калпак кыргызымдын жузу, ата бабаларыбыз канча кылымдар бою аздектеп урпактарына калтырган мурасты коздун карегиндей сактайлычы. А тиги оюнчукка окшогон коропканы кайсы зериккен обу жок ойлоп тапты экен.
+3
nabi89
2014-08-09 12:50:48
Эми калпак бизнес дегиле башка иштер толтураго тымбойли кыргыздын балдары кыздарыга кийгизбесинерби емнеле болуп кетип жатасынар я кыргыздар
+1
Revolyutsioner
2014-08-09 14:14:26
Акча табуу учун эртен баняга кийилуучу калпак ойлоп табасынар!!! Улуттук баалуулуктарды коргоп кордобой урпактарга жеткируу деген тушунук акчага сатылып жок болууда. Урпактарыбыз ак калпагыбызды кийгенде кыргыз экенине сыймыктануусу керек болсо эми калпакты кепка, шляпадан бетер корунгон жерге таштап кор тутушат карап тургула...
+1
timur555
2014-08-09 16:38:35
Болбойт мен каршымын 100% бул калпака деле окшобойтко ак калпак кандай болсо ошол бойдон калуусу зарыл !!!
+1
33SUUN
2014-08-09 21:00:40
Калпак бойдон эле калсын.Саркечинер жакпады.Саркеч кылбагыла.Саркеч деген эмне озу?,жаны жаргон созбу?
0
Chika78
2014-08-09 22:05:34
Муну калпак дебегендер шляпа деп кийишсе боло тургандай ысыкта,жаштарга эмнеге болбосун.А ак калпагыбыз ошол эле бойдон кала берет.Ойлоп тапкандын да эмгегин баалаш керек сындагандан мурда.
0
Chika78
2014-08-09 22:09:37
Ак калпагыбыз деп тошун каккандар кана азыр кийип жургонунор.Кочодо кээ бир карыялардын башында корбосок ал да айылдан келген,калпакты корбой эле калдык го же калппы?
+1
Alai.kyzy
2014-08-10 02:54:29
Chika78, бирок баары жакшы корушот. Мен калпак кунундо Ошто болгом. Тан эртен шаардын так ортосунда туруп тан калгам, баардык эркек (кары, жаш) ак калпакчан журушкон. Ар турдуу калпак бар экенин ошондо билгем.
+2
Lumia-800
2014-08-09 22:10:14
"Жакпады жакпады" деп баарын эле патриот болосунарго. Ал жакта уже уруксат берилип буткондур чыгарууга.
Эртен бурсугуну бир ырчы бала жапжашыл ошондой калпак кийип гезит бетине чыкса дагы айтасынар " ии жарашыптыр" деп.
-2
Alai.kyzy
2014-08-10 02:55:15
Lumia-800, баары эки жуздуу эмес. Жакпаса жакпады дейбиз каерде кандай атактуу кийсе да!!!
+1
dkanu
2014-08-10 02:47:53
Ак калпак эмнеге саркеч улгудо болот, АК КАЛПАК деген аты менен!
+2
timur555
2014-08-10 06:42:45
Ушул баш кийимди озунчо эле чыгарсанар болмок калпактын жаныча туру анан жаныча моодасы дебей калпак кыргыздын улуттук баш кийимиго элестетип атам ак калпак майрамында шундайларды кийип жургонду смешенный кылып. Бир жагынан кулкун келет)))
+1
Мэри
2014-08-11 14:24:22
Бул жерде саясат да болушу мүмкүн, анткени каржылагандар, долбоордун уюштуруучулары чет элдиктер го, сыягы. А алар бизге жакшылык каалашабы, деги эле?
"Кайсы бир элди багынткың келсе, эң биринчи анын маданиятынан башта (жок кылып)" деген кеп бар го, анан бурмаласа, түп нускасын жоготуп, бара-бара таптакыр өзгөрүп, ал ошентип жок болуп кетиши ыктымал...
+1
ayakosya
2014-08-14 02:37:04
Кыргыз деле оюна келгенди кылып калган заман болду го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан