Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл – манасчылардын алтын бешиги” аттуу ураандын алдында уюштурулган иш-чаранын алкагында көргөзмө өтүүдө. Бул тууралуу 9-августта облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөгө облустун бардык район, шаарларынан келген кол өнөрчүлөр, маданият кызматкерлери, музейлердин жамааттары катышышты. Ошондой эле аталган көргөзмөгө Ысык-Көл облусунан чыккан манасчылардын ордосун салуу боюнча макетти жаштар даярдап келишкен.
"Жаштардын бул идеясы жакшы экенин ыйгарым укуктуу өкүл белгилеп, келечекте каржылоо булактарын табуу менен иш жүзүнө ашырууга мүмкүн боло турган мааниси туура идея экенин айтты. Албетте, ал үчүн каражат керек экени жана инвесторлорду тартуу керек экени да белгиленди. Ал эми облустун район-шаарларынан келген кол өнөрчүлөр чыгармачылыктары тууралуу көрүүчүлөргө маалымат берип жатышты" деп айтылат маалыматта.