Бүгүн, 9-августта Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Таанышып алгыла: Орусиянын түндүгүндөгү көчмөндөр - бугу баккандар, мергенчилер жана балык уулоочулар” аттуу фотокөргөзмө ачылды.
Көргөзмө орусиялык этнограф, бугу багуучуларды изилдөөчү Валериана Козминанын жаркын элесине арналган. Анда Түндүк Орусиянын жашоочуларынын күнүмдүк турмушун чагылдырган 80 уникалдуу фото коюлду.
Иш-чараны Кыргызстандагы орус кызматташтыгы, “Гармония” орус маданият борбору, КРнын Мамлекеттик тарых музейи уюштурууда.