Эквадордо 6-9-август күндөрү ар кайсы мамлекеттен 40 айым ат салышкан үй-бүлөлүү айымдар сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. "Дүйнө жүзүндөгү эң сулуу үй-бүлөлүү айым" наамына бул жылы Санкт-Петербург шаарынын 28 жаштагы тургуну, 3 баланын энеси Юлия Ионина татыды. Ал эми экинчи орунду Кыргызстандын атынан катышкан Наргиза Осмонова ээледи. Бул тууралуу 10-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Мен бул жеңишти эң биринчи өзүмдүн үй-бүлөмө арнайм. Ошондой эле Орусияга дагы бир “алтын медаль” алып келгеним үчүн кубанычтамын. Мен тааныбаган адамдардан ушунчалык колдоо болорун күткөн эмесмин. Социалдык түйүндөрдөн бир жумада көптөгөн жагымдуу билдирүүлөр келип түштү. Баарына рахмат. Ал эми "Вице-сулуу айым" наамына кыргызстандык Наргиза Осмонова татыганына кубанычтамын. Биз чогуу бир бөлмөдө жашап, баарын чогуу жасап жаттык. Ушул убакыт аралыгында сүйүнүчүбүздү, толкундообузду тең бөлүштүк”,- дейт Юлия Ионина.