“Бул чемпиондукка дүйнөнүн ар бурчунан эң күчтүү бийчилерден куралган командалар катышты. Балдар бул сынакка болгон аракетин жумшашты. Биздин шаарга эл аралык деңгээлдеги алдынкы бийчилер келип мастер-класс өтпөгөндүктөн, жигиттер өздөрү видео аркылуу эле машыгышчу. Мындан улам бийди коюудан, бий чеберчилиги жагынан аксап калышты. Бирок бул эң ири деп эсептелген сынакка катышып, жарым финалына өтүп, кыргыз элинин байрагын желбиретип, тажрыйба топтоп келишкени да жеңиш болуш керек. Анткени жарым финалда эле катышуучулардын жарымы кулаган. Ал эми өтүп кеткен 33 команданын ичинде биздин балдар да болду”,- дейт топтун менеджери Екатерина.
Топтун бийчилери Дастан Тилек уулу, Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Рустам Мараткулов, Гүлчоро Сыдыков, Нишаналы Кубаталы уулу жана Кубанычбек Чилетиров 2-август күнү Москва шаарына, андан соң АКШга сапар тартышкан.
Кошумчалай кетсек, бул сынакка катышуу үчүн 20 миң доллар каражат керектелип, 4-июлда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында марафон-концерт берген.