"Ала-Тоо" лигасынын Жайкы фестивалынын кубогун Тажикстандын командасы утуп алды

Ысык-Көлдүн “Рух-Ордо” комплексинде Эл аралык КВН союзунун "Ала-Тоо" деп аталган аймактык лигасынын Жайкы фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта уюштуруучулар билдиришти. Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан фестивалга Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын КВН командалары ат салышты. Алардын тамашаларын “Город 312” тобу жана аталган оюндун демөөрчүлөрү баалашты. Ар бир команда көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, калыстардын жогорку бааларына татыш үчүн мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында кубокко Тажикстандын “Жаңы адамдар” командасы татыды.

Фестивалды «Азия Mix» курама командасы жана мурунку жылдын вице-чемпиону “Днепр” командасы жабышты. Көрүүчүлөр ат арытып келишкен конокторду жылуу тосуп алышып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен узатышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан