Кыргызстандын "Азия Mix" КВН командасынын көрүнүктүү оюнчусу, эрке жигиттин ролун катыра аткарган Данияр Болотбековго жубайы 12-августта балканактай уул төрөп берди. Сүйүнүчтүү кабарды ал 14-августта SUPER.KG порталына билдирди.
“Менин күнүм ушунчалык кереметтүү болорун эч качан күткөн эмесмин. Эми жашоомдун маңызы пайда боло баштады. Мен бактылуумун. Азырынча наристеге ысым ыйгара элекпиз, ойлонуп жатабыз”,- дейт алгачкы жолу ата болгон Данияр Болотбеков.
Наристе жытын жаңы искеп жаткан Данияр Болотбековду SUPER.KG порталы куттуктап, ымыркайга чың ден соолук каалайт!