Бишкекте саясий ишмер Абдыкерим Сыдыковдун 125 жылдыгына арналган китеп көргөзмө ачылат

22-августта Бишкектеги Улуттук китепканада мамлекеттик саясат лидери, агартуучу Абдыкерим Сыдыковдун 125 жылдыгына арналган “Эл башына күн түшсө, элин сактаар эр чыгат” аталышында китеп көргөзмөсү ачылат.

Көргөзмөгө Абдыкерим Сыдыковдун ишмердүүлүгүн, өмүр баянын чагылдырган китептер, ал тууралуу гезит жана журналдарга жарыяланган макалалар коюлат.

Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда туулган.

Алгач мусулман мектебинде окуп, ал жерден арабча кат тааныган. 1904-1911-жылдары Верный шаарындагы (азыркы Алматы) гимназияда билим алган. Мындай гимназия ошол мезгилде Орто Азияда эки жерде: Ташкентте жана Верныйда болгон. Ал жерде окутуу орус тилинде болуп, немис, француз, латын тилдери, математика, тарых, география сабактары окутулган. 1911-жылы Абдыкерим гимназияны аяктап, окуусун улантуу үчүн Казань университетинин ветеринария факультетине тапшырган. Бирок ал жакта аба ырайы ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, университетти бүтпөй калган. А.Сыдыков 1913-1916-жылдары Нарын жана Каракол уездерине мектеп ачкан жана ал мектептерде өзү мугалим болуп иштеген.

Ушул эле жылдары ал Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген.

1914-жылы декабрда Орусияда Романовдор династиясынын 300 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан