Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3 миллиард 854 миллион кубга аз. 3-сентябрга салыштырмалуу суунун көлөмү 11 миллиард 808 миллион метр кубду түздү. Өткөн жылы бул учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 662 миллион метр кубду түзгөн. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы агып кирген суунун көлөмү 409 метр куб болсо, бул жылы 297 метр куб гана агып кирүүдө.