Ырчылар Баеков, Садыров жана Исмадияровдор ысымын колдонуп концерт бергендерге нааразы болуп, сотко кайрылышарын айтышты

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган концерттин афишасына ага катышпаган ырчылар Мирлан Баеков, Дайыр Исмадияров жана Нурмат Садыровдун сүрөттөрүн чаптап, ысымын колдонуп, уюштуруу тобу Кыргызстанды кыдырып концерт коюп жүргөнү маалым болду. Бул тууралуу аталган ырчылар SUPER.KG порталына бүгүн, 3-сентябрда билдиришти.

Окуя боюнча нааразылыгын билдирген ырчы Мирлан Баеков буларды айтты: “Мен Көлдө жүргөндө өзүбүздүн токтогулдук Абдыш Айылчиев аттуу байке телефон чалып, бул концертке катышып берүүмдү суранды. "Күнүнө 100 доллардан төлөп берем" дегенинен, эми улуу инсандын 150 жылдыгына арналган концерт болуп жаткандыктан, макулдугумду бергем. Гастроль 31-августта башталмак. "Бул күнү бошобойм, калган күндөрүнө катышам" дегем. Ошол күнү чалсам, "сен бул күнү катышпагандыктан, тизмеден алып салдык" деп койду. Эл оозуна алынып калган ырчынын ысымын жамынып акча таап жүрүшкөндүктөн, сотко берем. Анткени күйөрмандар бизди алдамчы экен деп ойлоп калышат”

Бул боюнча ырчы Дайыр Исмадияров: “31-августта башка иш-чараларда ырдагыныма байланыштуу бул күнү катышпай турганымды айткам. Кайсы күнү каякка барарыбызды сурап телефон чалганыбызда "сен биринчи күнү баш тарттың, ошондуктан тизмеден алып салганбыз" дешти. Эгер алып сала турган болсо, эмне үчүн атымды афишага кошушту? Элдер алданып бул концертке киришкен болсо, мен алардан кечирим сурайм”,-деп билдирди.

"Токтогул акындын урматына" дегенде эле, өзүм Токтогулдан болгондуктан, жок деген жокмун. Орусияга кетмекмин, ал жакты жыйыштырып, бул сунушту кабыл алгам. Биз менен кабарлашпай эле кыдырып кетип калышыптыр. Ал эми таң калтырганы, концерт Токтогулдун өзүндө коюлбайт экен. Ош, Жалал-Абад, Талас облусундагы тааныштар "келет турбайсыңбы" деп күтүп жатышат. Аларга жок же ооба деп айта албай туруп калып жатам”,- дейт Нурмат Садыров.

Ал эми бул тууралуу уюштуруучу Абдыш Айылчиев мындай дейт: “Концертке чейин 1 ай мурун сүйлөшкөндө макул болушкандыктан, афишаларды илип чыкканбыз. Алар болсо 31-август күнү келишкен жок. Мен буларды далилдеп бере алам. Биздин башка өнөктөштөрүбүз бар да. Аларды күтө бербей кетип калганбыз. Азыр Кочкор-Атадабыз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
edu.kg
2014-09-03 21:09:55
Капа болбогула чынында ушундай элесинер аны мойнунарга алгыла ырчы жигиттер... Бир ишин тушуп бир маалда (айрыкча куздун куну) ой бойунарды которуп асмандагы жылдыз болуп аласынар жок дегенде тушундуруп айтып койгонго жарабайсынар корсулдап ... ЧЫН чынына келгенде биз карапайым калк силерди баалап ушул абалга алып келгенбиз жымындатып жылдыз кылып... Уч ырга паланча доллар кеми жокккк деп курс которуп... Эми тушунобуз ар кимдин оз жакдпйы оз оокаты бар ошентсе да адамгерчилик керек...
+7
sagyn01
2014-09-03 21:23:19
edu.kg, мен да ошого арданам, уч ыр учун карапайым калк беш алты айлыгын берип салышат, анан КР де кайдагы онугуу, тойдон кийин мактанышса болду, баланча ырчы келди деп, анан карызын тологону Рссияга кетишет,
+2
Chikus93
2014-09-03 23:09:21
Бул жерде ырчылар куноолу эмес,карапайым калк оздору чакырып жатпайбы аларды тойлорго,ошентип карызга батып роско кетээрин билгенден кийин чакырбай эле коюшпайбы,аларсыз деле жакшына эле отуп жатпайбы тойлор,ал эми тема боюнча,концертке адамдарды кобуроок тартыш учун ушундай жолго барышса керек
0
meerim8793
2014-09-03 23:25:07
Мирлан ХХХ ХХХ ХХХ колдонот экен?
+1
admin_portal
2014-09-04 09:12:43
meerim8793 - эскертүү!
\nКимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
0
gulmira.kamchybekova
2014-09-03 23:58:44
Куноонун баары ырчыларда эмесда, бир эле убакта 3ырчы окшош жооп берип жатса, куноо уюштуруучу да экен.
+1
boztalaa
2014-09-04 02:28:12
Жылдыздар жылдыз оорусу м.н ооруп калганго.Токтогулдай аты чыгып калса кантишер экен э????
+1
Desmond
2014-09-04 02:35:49
Менин жердештерим экенсинер, бизде мындай жок эле го,
\nКаадаланып барбай койсонор кутмок беле, биринчи жакшылап ойлонуш керек эле, озунор эле уят болосунар, уже болдунар
\n
+1
aika_87_2007
2014-09-04 07:52:38
Arbir ele adamdyn ozunun tirichiligibar tuura Toktogul satylganov uluu insandyn atyn ukkanda makul bolgon eken akchasyndele baekov kop aytpaptyr men bilem baekovdu kyz uzatuuda baarybyz yilaganbyz akysyna 500dollar bergenbiz 100dollarga makul bolsoda atyn jamynyp bir emes uch yrchynyn kuyormany jok deibizbi emne aty chykkandan bir ekonu suylowup kalganynyn atyn koldonup jatyptyr men tuwundum bul konsert eldi aldap ele jurgon eken myndaylarga ukugunar bar sizda bizda adambyz uyatyjok uyuwturucula
0
Dadasdasd
2014-09-04 08:03:54
Пияр +
0
burka
2014-09-04 10:35:27
ой бооой силедин атынарды колдонгондой силер Гульнур же Омар болсонор экен чакырылган жерге келбейсинерби анан? тентип башка жака кетип калбай 100$ дан кобурок толоп койсо керек да ошон учун кетип калгансынар куноонун баары озунордо экен наоборот силерди сотко бериш керек экен
-2
bema_bema
2014-09-04 11:36:31
Ким кандай ойлойт билбейм,мен ырчыларды куноолуу дейим. Макул болуп алып анан бир кун калганда бошобойум десенер суротунор чапталатта анан, ХХХ окшобой эркекче эле болсонор эл алдында кечирим сурагыла тойдон кол бошобой барам деп баралбай калдык деп
-2
admin_portal
2014-09-04 11:47:38
bema_bema - эскертүү!
Кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
0
WINNER
2014-09-04 18:30:26
Ким келгенин айтпай эле коеюн.Тюменге дагы концерт коюп келишти жакында,афишада Тынар Курбаналиев менен Женишбек Айтиев дагы бар болчу.бирок концертте караанын корбодук.
Эми ушундай бизнес башталганго дейм.
0
Filion
2014-09-04 20:25:39
uiuwturuuchunu sotko berip tuura kylywat.
0
misha00
2014-09-04 23:47:13
эми афишалардагы суротторуно кара коо менен беттерин аттарын краскалап салсын
0
Chynara95
2014-09-07 18:15:44
Жалабадта болгон концерт жакшы болду Нон Стоп.Даниел Тынчтыкбек Айылчиев Жебе тобу рахмат сиздерге.Тынчтык байкенин Чынара деген ыры элдин маанайын которду
0
saikal01
2014-09-07 18:29:01
Уят эле Даниел Нон Стоп Жебе тобу Тынчтык Айылчиев жана башкалар силер элдин адамысынар Ошто озунор элди аралап озунор блет сатып журосунор баркынарды кетирбегиле да антип бул менин жеке ойум чыгармачылык ийгилик баарынарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан