Кыргызстанда кыргыз бийи боюнча биринчи эл аралык сынак өтөт

Кыргызстанда кыргыз бийи боюнча 1-эл аралык сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-сентябрда билдирди.

Сынактын максаты - кыргыз бийлерин таанытуу, элдик бий өнөрүн сактап калуу жана өнүктүрүү, хореография искусствосун бий сүйүүчүлөрүнө жайылтуу.

Сынакка жеке бийчилер жана чыгармачыл топтор катыша алышат. Анын байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Учурда тандап алуу этабы жүрүп жатат, ал 20-сентябрга чейин созулат. Жергиликтүү топтордон тышкары Кытай, Тажикстан жана казакстандык бийчилер катышарын билдиришти”,- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан