Бек Борбиевдин чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында жарыяланган сынактын тандоо туру 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Рысбек Жабиров SUPER.KG порталына билдирди.
Анда өлкө аймагынан тандалган аткаруучулар ырчы, обончу Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды аткарышат. Сынактын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүп, баш байгеге автоунаа коюлат.
Белгилүү болгондой, сынактын тандоо туру 3-сентябрда Ош облусундагы Бабур атындагы театрда орун алып, 40тан ашуун катышуучунун арасынан мыкты делген 4 ырчы тандалып алынган.
Алдынкы 10 катышуучунун таланты калыстардын сынынан тышкары жергиликтүү радиодо жана SUPER.KG порталында онлайн добуш берүүгө коюлат. 2014-жылдын 22-23-24-сентябрь күндөрү борбор калаада өтө турган концерттин жүрүшүндө жеңүүчүлөр сыйланат. Сынактын максаты - маданияттын ажырагыс бөлүгү, руханий байлыктардын бири болгон ырчылык өнөрдү өрчүтүү, жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнөрпоздорго колдоо көрсөтүү.