7-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Аваз Акимов тушоо кесүү концертин тартуулайт. “Айганыш”, “Эми башка”, “Ай, ай, ай” жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу учурда концертке чоң камылга көрүп жүргөнүн SUPER.KG порталына билдирди. Калың журтту жагымдуу кайрыктар менен кубандырайын деген ырчы бул концертте аккордеон жана комузда кол ойнотуп, ансамбль менен өнөрүн тартуулайт.
“Даярдык жакшы. Ашыкча акча сарпталбаш үчүн уюштуруу жагын өзүм колго алып, тажрыйба топтоп жатам. Чынын айтсам, кыйын экен. Мойнума чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, түш оогондо "баарына жетишем, баары жакшы болот" деп жеңилдеп калам да, эртең менен турганда ойдогудай болбой калчудай кыйналып кетем. 2 күн калды, бүтө элек айрым нерселер бар, ошолор жүрөгүмдү өйүтүп жатат. Негизи, концертти элге жага тургандай кылып өткөрүү - башкы максат. Күйөрмандарым мени менен бир кечеде майрамдык маанайда отурганын ниет кылып турам”,- дейт толкунданган Аваз Акимов.
Белгилей кетсек, бул концеттин коноктору ырчылар Нурлан Насип, Анжелика, Дайыр Исмадияров, Илгиз Абдалиев жана казакстандык Айбар Серкебаев болмокчу.