7-сентябрда Бишкектеги Cпорт Ордосунда обончу жана аткаруучу Аваз Акимов биринчи жолу жеке концертин берди. Саат 19:30га белгиленген концерт туптуура 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты. Көрүүчүлөр концерттик залдын 70 пайызын ээлешти. Алып баруучулук милдетти куудул айым Назира Жетигенова жана "тамашоучу" Самат Эркинбеков аркалашты. Концерттин коноктору ырчылар Нурлан Насип, Анжелика, Дайыр Исмадияров, Илгиз Абдалиев жана казакстандык Айбар Серкебаев болушту.
“Ушунча жылдан бери жаздырып келген ырларымдын отчётун берүү максатында концерт бердим. Элге таанылып, күйөрман топтоюн дедим. Элге жага турган концерт уюштурууга аракет кылдым. Өтө толкундануу сезимдери курчаган жок, себеби буга чейин жеке концертимди бир жыл мурун Жалал-Абадда жана Ошто бергем”,- дейт Аваз Акимов.
Ырчы Нурлан Насип мындайча ой бөлүштү: “Аваз менин эң жакын досум. Менин үй-бүлөм аны менден да жакшы көрөт. Ошондуктан атам ат арытып концертке келди. Аваз менин көптөгөн ырларымдын обонун жазган. Досумдун ийгилигине кубанып, толкунданып жатам”.
“Бизди интернет тааныштырды. Аваз Акимовдун “Айганыш” аттуу ырын угуп жүрчүмүн. Анан “Гүл кыздар” деген ырын уруксаты менен ырдап чыктым. Казакстанда “Гүл кыздар” десе Айбар, Айбар десе Аваз деп таанышат. Экөөбүздү Жараткан тааныштырды. Анткени ушул ырды ырдап чыккандан кийин менин чыгармачылыгымда 40 пайыздык өсүү болду. Ага ыраазычылык билдирүү максатында жеке концертине келип отурам”,- дейт Айбар Серкебаев.