Бишкектеги С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Аялдардын көз карашы” аттуу көргөзмө ачылды.
Көргөзмөгө 9 сүрөтчү айымдын жана мырзалардын живопись, графика, кол өнөрчүлүк өңдүү 100гө жакын эмгектери коюлду. Белгилей кетсек, көргөзмө 15-сентябрга чейин уланат.
“Искусство бир. Ал аял же эркек деп бөлүнбөйт. Аялдардын түйшүгү көп. Эгер чыгармачылык менен алектенишсе, эркектерден көп эмгектерди жаратышмак. Эркектер таарынбай эле коюшсун, бирок бул менин жеке көз карашым. "Арткана Чоң-Кемин" аттуу долбоордун алкагында сүрөтчү айымдардын тобу Кеминде болушуп, жаратылыштын коюнунда сүрөт тартышкан. Ага 28 жаштан 60 жашка чейинки сүрөтчү айымдар катышты. Бул жолу сүрөтчү аялдардын пленэрге барышканы алар үчүн чоң майрам болду. Чыныгы чыгармачылыкка суусап калышканын даңазалап, мыкты эмгектерди жаратып кайтышты”,- дейт музейдин арт-директору Кайыргүл Казыбекова.