Италиялык фонд жана Маданият министрлиги кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

“Ромуальдо дель Биянко” аттуу италиялык фонддун негиздөөчүсү Коррина дель Биянко менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Акимбек Текешов маданият жана туризм жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.

Аталган фонддун башкы максаты - дүйнө жүзүндөгү жаштарды тартып, маданият менен искусство тармагындагы тажрыйба алмашуу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу.

“Италия - тарыхый-маданий жайлары менен туристтерди кызыктырган мамлекеттердин бири. Кыргызстанда да көптөгөн тарыхый жайлар бар. Биз силердин изилдөөңөрдү жана тажрыйбаңарды аталган жаатты өнүктүрүү үчүн кубануу менен колдойбуз”,- дейт Акимбек Текешов.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан