Бишкектеги Улуттук китепканада Эл аралык сабаттуулук күнүнө карата үй-бүлөлүк китеп окуу боюнча ресурстук бурч ачылат

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Эл аралык сабаттуулук күнүнө карата үй-бүлөлүк китеп окуу боюнча ресурстук бурч ачылат.

Аталган китепканадан билдиргендей, бул күнү “Балдар окуган жылдыздар” аталышында кербен уюштурулат. Анда Кыргызстандагы белгилүү жүздөр балдарга жана ата-энелерге жомок окуп беришип, китепти кантип сүйүш керектиги тууралуу тажрыйбаларынан бөлүшүшөт.

Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуо, КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан