Ырчы Салтанат Аширова: "Айыма "X-Factor 5" сынагына мындан ары катышпайт"

16 жаштагы Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өтүп жаткан "X-Factor 5" сынагына мындан ары катышпайт. Бул тууралуу 8-сентябрда SUPER.KG порталына Айыманын устаты, ырчы Салтанат Аширова билдирди. 

Анын айтымында, сынактын тандоо турларынан өткөн катышуучуларга долбоордун уюштуруучулары иштешүү боюнча келишимге кол коюуну сунушташкан. Бирок долбоор узакка созулгандыктан, жаш ырчы андан баш тартууда. 

“Айыма бардык тандоо турларынан өттү. Ага аталган долбоордун уюштуруучулары келишимге кол коюуну сунушташты. Долбоор узакка созулгандыктан, Айыма ага убактысын кетиргиси келген жок. Ошондуктан келишимден баш тартканы жатат. Учурда ал апасы менен ошол жакта. Каражат жагынан достору колдоо көрсөтүп жатышат. Айыманын потенциалы чоң, келечекте мыкты ырчы болорун ишеничтүү айта алам”,- дейт Салтанат Аширова.

Кыргызстандык Айыма Х-Фактордо! Урааа!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ruslan.78.23
2014-09-08 19:31:56
Бравооо!!!!!
+1
aikol87
2014-09-08 20:21:31
Супер инфо Атай Омурзаковда орусиянын ТНТ каналында болуп жаткан "танцы " теле дооборуна отту дединер эле, билип бериниздерчи телеге качан чыгат.
0
admin_portal
2014-09-09 10:29:19
aikol87, Саламатсызбы!
Маалымат ала алсак, сизге билдиргенге аракет кылабыз.
0
nurbol4
2014-09-08 21:10:36
4да болгонуга менда суйунуп калдым тим эле мен отконсуп
0
joysin777
2014-09-09 12:20:32
ото окунучтуу доконца катышса жакшы болмок эле
0
MARGO55
2014-09-09 12:23:29
Баракелде!!! Ийгилик каалайм.
0
Aselya_9105
2014-09-10 16:03:19
келечеги али алдыда ИншаАллах...
0
chyngyz-KG
2014-09-10 18:23:09
Украинада тополон болуп жатса,кайдагы долбоор?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан