Ырчы жана актриса Асема Токтобекова Казакстандын сахнасын багынтууга бел байлайт

Ырчы жана актриса Асема Токтобекова Казакстандын сахнасын багынтууга бел байлаганы турат. Бул кабары менен Асема SUPER.KG порталына бүгүн, 8-сентябрда бөлүштү.

- Асема айым, коңшу Казакстан мамлекетинин сахнасын багындырууга белсенип жатыптырсыз, ошол тууралуу айта кетсеңиз.

- Мен ойлобогон жерден Казакстанга кетүүгө дарданып жатам. Бул башка бирөөнүн кыялы болсо, мен үчүн оор тандоо болууда. Белгилүү ырчылар Юлдуз Усманова, Шахзода, Пилигрим, “Алдавай” тобу жана башкалар менен иштешип келген Максуда Айтикеева, шоу чөйрөдө Малика аттуу ысымы менен таанылган айым мага иштешүү боюнча сунуш киргизди. Биз экөөбүз тойдон таанышканбыз. Ага жаныбызда отургандар менин ырчы жана актриса экенимди айтышыптыр. Ал кайсы киного тартылгамды сурады. "Боз салкын", бирок аны көргөн эмес болушуңуз керек" десем, фильм казактарга көрсөтүлгөндүктөн, билет экен. "Сен тасмадан башкача экенсиң, тааныган жокмун" деди. Малика эже иштешүү боюнча сунуш киргизгенде, бул жөн гана сөз болуш керек деп калгам. Ал Казакстандан таңкы саат 5те чалып, мени казак ырчылары менен гастролдоо үчүн кербен автобуска кошуп жатканын айтты. Мен ал учурда "Көк жал" аттуу тасмамды монтаждоо менен алпурушуп жүргөнүмө байланыштуу бул сунушун четке каккам.

- Таптакыр башка ысым менен чыгат экенсиз, сыр болбосо, кандай ысым? 

- Азырынча айтпай турайын. Бир гана ысымым эмес, имиджим да түп-тамырынан өзгөрөт. Келбетиме көп сын айтты. Чачымды өстүрүшүм керек экенин, калганын өзү колго аларын айтты. Бул иштешүү бир четинен мени кубандырса, башка ысымды алып, элимди таштап кетип жатканыма жаман болуп жатам. Малика эже "бирөөнү ойлосоң өмүр бою өзүңдү курмандыкка чабасың, биринчи өзүңдүн перспективаңды ойлошуң керек" деген кеңешин айтты. 

- Канча мөөнөткө кетүү пландалууда?

- Келишим 4-5 жыл болуп калышы мүмкүн. Негизи, картайганча кетем го.

- Үй-бүлөңүз сиздин жаныңызда болобу?

- Казакстан жакын болгондуктан, үй-бүлөм бул жакта эле калат. Алар менен чогуу кетип жүдөбөй, келип-кетип турам. Бирок айтканга оңой болгону менен, кыйын болуп турат. Байкаштырып көрөйүнчү.

- Сиз үчүн карьера биринчи орундабы?

- Эгер карьера мен үчүн биринчи орунда болсо, турмушка чыгып наристе төрөбөйт элем. Мен аялзатына тийиштүү милдетти аткарып, жеке жашоомду өз нугуна салып алдым. Азыр чыгармачылыкты колго алуу убагы келди. 

- Маегиңизге рахмат, ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Белгилей кетсек, Бишкекте 18-сентябрда Асема Токтобекова режиссёрлук кылган криминалдык драма жанрындагы “Көк жал” аттуу тасманын бет ачары болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
musapyr
2014-09-08 17:16:14
ХХХ ХХХ ХХХ... Алга Асема! Азаматсын!
0
admin_portal
2014-09-08 17:19:45
musapyr - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.
+1
КОЛЮЧКА
2014-09-08 22:21:23
Кыргызстандын сахнасын багынта албай жатып, Казакстандын богун жейт бекен? Тимеле, казактарда "лампочкалар" жок калгансып...
+3
aziko88
2014-09-08 23:23:26
Менимче ажырашып кеткенго болбосо куйоосу жонотпосо керек эле
+4
musapyr
2014-09-08 23:48:17
КОЛЮЧКА,бок жеп журсон кк э! Даамын билет экенсин! ХХХ...
-1
admin_portal
2014-09-09 09:58:57
musapyr - буга чейин берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн кайра-кайра эреже бузгандыгы үчүн 3 күнгө БАН! Жеке айтышууларга жол берилбейт!
+1
bolot00
2014-09-09 00:57:31
жакшы бар бизден салам айт кыргызтанга тез тез келип тур игилик
+2
Survey
2014-09-09 12:30:58
туркиялык кыргыздар аялдарын катуу кармачы эле туркиялык эмес окшойт а
+2
Aselya_9105
2014-09-09 14:21:55
Кыргызстан жылдызы болсо эле жакшы болмок..... ((
+1
zman53
2014-09-09 14:50:42
Асема ишине ийгилик!Адам озуно ишенсе,кайда журсо да адам болот.Бизде мыкты продюссерлер жок.Ишинердин алга жылышына тилектешпиз!
+1
g.jumabekova
2014-09-09 16:03:59
Асемада ун деген ноль. Анан кайдагы багынтуу. А бирок антип айтканыбыз менен уну жок ырчылар деле толтура журбойбу ошолордун катарын толуктап журо берет да.
+2
Light
2014-09-09 18:01:28
бул деле катардагы адам, балким биздин шоу чойродон жакшы киреше жоктур, ашык дуйно баш жарбайт.Менин оюмча кетем коем дебестен биринчи барып,ийгиликтерге жетишип келип анан ушул сыктуу интервью берсе элден жакшыле сын пикирлер тушмок.Ал эми семьясы эмне деп ойлойт ал ар бир адамдын жеке турмушу.
+3
g.jumabekova
2014-09-09 18:39:01
Материнский инстинкт жокко. Картайганча журсо ошончо убакыт балдарынан озунчо болунуп казакстанда жашайбы
+2
TolonturCN
2014-09-09 19:02:54
Жогорудагы пиюс коюлган пикирлер туура эле.
+2
bopos
2014-09-10 09:51:55
соз жок,эч нерсе деп жаза албадым.анткени оюм батпай калышы мумкун экен.негизгиси аман бололу.
+1
bema_bema
2014-09-11 09:58:41
Эри менен ажырашып кеткен окшойт
+1
karan_khan
2014-11-04 17:48:26
Исламда иштин чоо жайын билип-билбей туруп, бирөөгө сын таккан же акаарет келтирген күнөө гө, туугандар! Өтүп кетчү бул жалганда бир аз жаман сөздөрдөн, сындардан оолак болсоңуздар. Ооздон чыккан ар бир сөздүн кулу болуп калып жүрбөйлү жооп берип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан